Семинар-тренинг   “Ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга  жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин иш аракеттери” темасынын алкагында  өткөрүлдү.  

 
Аталган иш-чара  билим берүү кызматкерлеринин маалыматтуулугун жогорулатуу,  балдарга карата зордук-зомбулук мамилелеринде ыкчам чараларды көрүү жана коомчулукта балдарга болгон кордук маселесин жоюу максатында өткөрүлдү.


“Балдарга карата зордук-зомбулук жөнүндө сөз болгондо ар бир мүнөт баалуу экенин билебиз. Аталган семинар балдар менен иштеген бардык кызматкерлердин  иш аракеттерин жакшыртат деген үмүттөбуз”,- деп белгиледи Бишкек шаарынын мэриясынын  ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун директору.


Семинардын жүрүшүндө социалдык мугалимдер жана шаардык мектептердин психологдору көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.


Алдыда билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине бир нече семинарларды өткөрүү пландалууда.


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова райондук администрациялар жана Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын -алуу жана чараларды көрүү боюнча жыйын өткөргөн.


Мындан тышкары, 18-февралда мэриянын демилгеси менен Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана вице-мэр Айгүл Рыскулованын катышуусунда балдарга карата зордук-зомбулукту алдын-алуу жыйыны өткөрүлдү.