Рейддин жүрүшүндө  Киев көчөсү, №38 дарегинде жайгашкан “Неман Фарм” ЖЧКсы курулуш таштандыларын башаламан таштап, таштанды таштоочу жайга айландырган жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин, санитардык нормаларды бузуу фактысы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан “Неман Фарм” ЖЧКсынын директору К.Алиевдин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинини № 488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосун жиберилди.