Аталган айлыктын алкагында 2015-жылдын  12-февралдан 18-февралга чейин Бишкек шаарынын ИИББнын Жол Кайгуул Кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу катталып 4816 протокол түзүлгөн, айып төлөөчү жайларга 264 унаа, анын ичинде 27-кичиавтобус, 14-такси токтотулган. 700 айдоочу уюлдук телефон колдонгону үчүн, 630 айдоочу коопсуздук курун колдонбогону үчүн, 19 адам бузуулары бар унаа айдагандары үчүн. Мас абалында айдаган 53 адам, жол чырак  белгисин тоотпой койгондор 312, күбөлүгү жок- 214 адам. Ал эми Шаардык траспорт башкармалыгынын 2015-жылдын 18-февралда жүргүзгөн рейди боюнча 9 бузуулар катталып «Акжолтой», «Лига», «Куюн», «Мейкин», «Кара-Суу-Агро», «Кут-Консун» фирмаларынын 9 айдоочусуна акт түзүлгөн. Бул багыттагы иштер улантылмакчы.