Аталган фестиваль «Супара» этнографиалык комплексинде калаанын орто мектептери жана мектепке чейинки мекемелеринин катышуусу менен өттү.


Фестивалдын башкы максаты эне тилин колдоо жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан элдердин маданиятын жана ырым-жырымдарын сактоо, эл ынтымагын бекемдөө болуп саналат.

Бул иш чарага 12 калаа мектептеринин жана мектепке чейинки мекемелердин райондук конкурстарынын жеӊүүчүлөрү катышты.

Катышуучулар белектер  жана грамоталар менен сыйланышты.

«Эл аралык эне тили күнү менен куттуктайм. Бардык мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө ушул майрамга байланышкан ар кандай иш чаралар өткөрүлүүдө. Баарыбыз үчүн эӊ маанилүү майрам. Бардыгыңыздардын окууӊарга ийгилик каалайм. Тил үйрөнгүлө, анткени тил-достуктун ачкычы»,- деп белгиледи Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова.


Аталган  фестивалга Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия билим беруу бөлүмүнүн башчысы Аида Ишенбекова, Армения өкүлчүлүгүнүн консулу Петрос Шагинян, ошондой эле,  райондук Фестивалдарда жеӊип чыккан билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдери катышты.