Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин  үчүнчү катчысы Котоми Тада айым менен спорткомитеттин башчысы Шейшенкул Бакировдун жолугушуусунда 2015-жылы 13-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү сумо күрөшү боюнча ачык чемпионатты өткөрүүнүн баардык шарттарын талкуулашты.


Аталган иш чара Бишкек мэриясынын жана Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин колдоосунда өтөт. Турнирдин ачылышына Кыргыз Республикасындагы Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Такаюки Коикэ мырза катышат.

Мелдешке Япония мамлекетинен профессионалдуу сумочулар келишип, Кыргызстандын сумо күрөшүнүн сүйүүчүүлөрүнө жана калаа тургундарына мастер-класс көрсөтүшөт.

Жеңүүчүлөр  Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медаль, диплом жана башка белектер менен сыйланышат.