Саламаттыкты сактоо департаменти бир айлыктын алкагында шаардын дарылоо-профилактикалык уюмдарында аз камсыздалган үйбүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга гуманитардык жардамдар көрсөтөт.


Ошондой эле, стационарда жаткан аз камсыздалган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык кароо өткөрүлөт жана медициналык жардамдар көрсөтүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлөт.


Белгилей кетсек, Мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө ,калк арасында бейтаптын укугу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргузүлөт. Ошондой эле, милдеттүү медициналык камчыздандыруу  кошумча топтому  (ОМС) жана калктын жеңилдик категориясы боюнча рецепт жазылып берилет.