Жолугушууда жолдорду оңдоо, жылуулук, ысык суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү талкууланды. Ал эми шаар тургундары ИИББнын аймактык тескөөчүлөрунүн  жакшы иш жүргүзүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, алардын техникалык базасын жакшыртууну сунуш кылышты. “Биз жаңы технология кылымында жашап жатканыбызга карабастан биздин аймактык тескөөчүлөр иш-кагаздарын кол менен жазып даярдашат.  Кайсыл мезгилге чейин алар эски метод менен жазышат?” – деп Жал кичирайонунун тургундары өздөрүүн аймактык тескөөчүлөрү үчүн тынчсызданышканын көрсөтүштү.


Ошондой эле, башаламан курулуштар тууралуу дагы суроолор көтөрүлдү. Бишкекбашкыархитектура 2009-жылдан баштап мэриянын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелбегенине карбастан мамлекеттик курулушка баш ийет, буга  тургундар өздөрүнүн нааразычылыгын жашырышкан жок. “Биз бир жылдан бери соттошуп жатабыз. Жалпы колдонууга берилген жолду сатып алганды кайдан көрүшкөн? Бул биздин үйгө бара турчу жалгыз жол. Экинчи жол аскердик окуу жайынын аймагы аркылуу өтөт, бирок стратегиялык объект болгондуктан  бул жолду бизге колдонууга беришпейт. Биз башка эмне кылабыз? Биздин аймактык тескөөчүлөр куруучулар менен күрөшүүдө бизге жардам берип, коопсуздукту камсыз кылып бергендиги үчүн абдан ыраазыбыз”, - деген көйгөй менен орто Жалдын жашоочусу Гульмира кайрылды.


 Абдан курч көйгөйлөрдүн бири жолбун иттердин көптүгү тууралуу да сөз болду. Кичирайондордун тургундарынын айтуусунда көчө иттеринин адамдарга кол салган учурлары да кездешкен.
“Өтө көйгөйлүү маселелердин бири. Биз өткөн жылы эле 1275 итти атканбыз. Көбүнчө мындай көйгөй жаныбарларды баккандардын жоопкерчиликсиздигинен келип  чыгууда.  Бул багытта иштер жүргүзүлүүдө, жана бүгүнкү күндө бул маселенин чечилиши үчүн гумандуу методдор каралып жатат”–деп шаар башкармалыгы билдирди.


 Жергиликтүү аймактык башкармалыгынын иштери боюнча да арыздануулар болду. Мэр жеке өзү бул суроо боюнча чечимдерди кабыл алууга сөз берип,  “Биз анын иштөөсүн талап кылабыз. Эгер иштебесе, жумушунан кетиребиз”,- деп белгилеп өттү калаа башчысы.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын иши туралуу да суроолор көтөрүлдү. Жашоочулар таштандыларды бат-бат чыгарууну суранышты, алардын үйүлүп калганынан келемиштердин көбөйүп жатканын айтышты. Бул сурону талкууланышында абдан кызыктуу факт ортого чыкты: жолугушуунун башында Ленин  районун ИИБнын начальниги райондун калкынын санын айтты. Анын айтуусунда Ленин  районунда 18 500 адам жашайт. «Тазалык»  МИ абоненттик базасында айтылган сандын жарымы гана катталган. Тургундар бул суроо боюнча ойлонушуп кээ бир үйлөрдө домкомдорду алмаштырууну сунушташты. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте иш алып баруу үчүн демилгелүү топ түзүлдү. Ишчаранын аягында тургундары шаар бийлигине өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти.


Жолугушууга Бишкек шаарынын ИИББнын башкармасы  Кашкар Жунушалиев, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысы, мэриянын кызматкерлери жана кичирайондордун жашоочулары катышты.

 
.