2014-жылдын январь айында коомдук саламаттык комитеттеринин үйрөтүүсүндө чоңдор арасында ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча кампания өткөрүлдү.


Кампаниянын башкы максаты – калктын укуктук сабатуулугун жана аталган оору тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу, Вич–инфекциясына чалдыккандарга толеранттуу мамиле кылууга көндүрүү.  
Үйбүлөлүк медициналык борборунун ден соолукту бекемдөө кабинетинин адистери жана 31КСК методикалык жардам берүүнү үйрөтүштү, ошондой эле, фильмдерди көрсөтүү уютурулду. Брошюралар, эскерткичтер жана анализдер үчүн анкеталар таратылды. Маалыматтык кампания жаңы конуш тургундары  арасында да өткөрүлдү.


Өткөн жылдын март айында 123 миң жашоочуларды камтыган жаңы конуштарда КСКнын 400дөн ашык мүчөлөрү “Кургак учукту алдын алуу” кампаниясы өткөрүлдү жана  маалыматтык материалдар таратылды. Аталган кампания жыл сайын өткөрүлүп келет.


2014-жылдын май айында энелер жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга багытталган “Кош бойлуктун коркунучтуу белгилери” кампаниясы өткөрүлдү. Бул иш – чарада КУЗ адистеринен тышкары үй – бүлөлүк дарыгерлер тобу, жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлдөрү жана үй-бүлөлөр катышышты. 2876 боюнда барлар жана жакындары окутулду. 16 560 көчүрмө маалыматтык-билим берүүчү материалдар таратылды.


22-сентябрдан 26-сентябрга  чейин “Өз кан басымыңды бил” акциясы өткөрүлдү.  Бул иш-чара үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, супермаркеттерде жана шаардын ийри соода комплекстеринде жүргүзүлүп, 31миң адам катышты, алардын ичинен 11 307 эркек жана 19 718 аял. Кан басымы жогору болгондорго эскерткич жана адиске кайрылуу үчүн каттосу боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна жолдомолор берилди.


2014-жылдын декабрь айында  калаанын жалпы билим берүү мекемелеринде жана кесиптик-техникалык лицейлеринде тамеки чегүү жана насвай тартууну алдын алуу боюнча кампания болуп өттү. Шаардын жалпы  билим берүү мекемелеринде  медицина кызматкерлери окутулду. 94 комплект маалыматтык-билим берүүчү материалдар, видео ролик жана башка көргөзмө материалдар таратылды.


Кызылча оорусунун күчөшүнө байланыштуу 2015-жылдын январында башкалаанын Саламатттыкты сактоо департаменти, калаанын жалпы  билим берүү жана медицина мекемелери менен ММК маалыматтык кампания өткөрдү, ошондой эле,  2 баннер, 26 санитардык бюллетень даярдалды. Шаардык дарыгерлер тарабынан 110миң 971 окуучулар текшерилип, жана  184миң 819 адамды камтыган 62миң 555 текшерүүлөр жүргүзүлдү.