Программанын максаты шаар мэриясынын эффективдүү жана корутундулуу иш алып баруусун камсыздоочу кадрлар дараметин калыптандыруу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүнкү күндө тажрыйбалуу жаш кадрлардын жетишсиздик маселеси курч турганын белгиледи. «Университеттер бизге жакшы кадрларды даярдоодо жардам бере алат деп ишенебиз. Өз кезегинде мэрия окутууга тапшырык берип студенттерди ишканаларга такшалмага  жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берет»- деп белгиледи калаа башчысы.
Кезегинде  коноктор да калаа башчысына  чакырууга ыраазычылыктарын билдирип, кызматташууга даяр экенин айтышты.

«Биз Сиздин демилгеӊизди колдойбуз жана шаар чарба системасында иштөө үчүн студенттерди даярдоо иштерин баштайбыз. Эгерде конкреттүү тапшырык келсе, университтеттин базасында кафедра ачып, керектүү лабораторияны түзүүгө даярбыз»-деди «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин проректору Асылбек Кулмурзаев.
Асылбек Кулмурзаевдин айтуусу боюнча, университет кафедраны ачуу менен чектелбестен мэрия менен биргелешкен долбоорго керектүү каражат бөлүп берүүгө даяр.  

Мындан тышкары,ректорлор тарабынан профилдуу жолугушууларды уюштуруу сунушталды. Ошондой эле мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө керектүү адистердин тизмесин аныктоо суранычы айтылды.
«Мэриянын муниципалдык кызматтарын тартуу  менен бирге жолугушууну уюштурсак жакшы болмок. Бизде шаар чарба аймагында иштөөчү адистерди даярдоону көздөгөн 62 тармак жана 32 багыт бар»-деди  Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин ректору Акымбек Абдыкалыков.

Ал эми Ж.Баласагын атындагы КМУнун проректору Нурмамат Эсенкулов потенциалдуу адистерди тандап алууда көмөк болуучу кадрдык концепцияны түзүү сунушу менен чыкты.
«Сиздер багыттардын тизмесин түзүп берсеӊиздер биз аларды карап чыгып, өзүбүздүн сунуштарыбызды киргизет элек. Менин оюмча, ЖОЖ жана мэрияга болочок адистерди тандап алууга мүмкүнчүлүк берген жалпы кадрдык концецияны иштеп чыгуу зарыл»-деп Нурмамат Эсенкулов сунушун айтты.

Раззаков атындагы КМТУнун ректору Туратбек Дүйшөналиевдин айтуусу боюнча, техникалык университет мэриянын иштеп жаткан адистери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө  даяр.
«Биз мэриянын иштеп жаткан адистерине квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрө алабыз. Биздин университетте заманбап технологияларга окутуу жана аларды иш жүзүндө колдонуу окуусун аяктаса болот»,- деди КМТУнунректору.
Жолугушуунун жыйынтыгында, иш тобун түзүп, меморандум кабыл алып, профилдүү сунуштарын киргизүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, программанын олуттуу багыты болуп «Бишкек мэриянын кадрдык резерви» конкурсун өткөрүү эсептелет. Конкурс үч этапта өткөрүлөт.