Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу жана район тургундарынын  жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, таштанды, жолбун иттердин көбөйүшү, таза суу, мектеп куруу, коомдук транспорт жана турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу көйгөйлөрү талкууланды.

Абдан курч көйгөйлөрдүн бири бул жол белгилеринин жоктугу тууралуу болду. Аталган аймактын тургундарынын айтуусунда мектепке барчу жолдо жол белгилер орнотулган эмес. Окуучулардын жолдо жүрүүсүндө коркунуч жаратат. Ошондой эле, кырсыктарга кабылган учурлар да бар.

“Жол чырагы орнотулган эмес, жада калса, жол белгиси да жок. Өтүү кыйын. Кече эле ошол жерден бир аялдын кырсыктаганын өз көзүм менен көрдүм. Мүмкүн болсо, жол чырагын же болбосо өтүүчү жол белгисин орнотуп берсеңиздер абдан жакшы болот эле. Балдарымды мектепке жиберүүдөн корком”,-деди шаар тургуну.

Мындан тышкары, жолбун иттердин көбөйүшү адамдарга кол салган учурлары да кездешкен жана таштандыларды башаламан чачылып жатканын билдиришти.

Аталган жолугушууга калаа башчысы Кубанычбек Кулматов,  Ленин райондук администрациясынын башчысы Мирлан Аскар уулу, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кашкар Жунушалиев, аймактык тескөөчүлөр жана аталган аймактын тургундары катышты.