Мелдешке калаанын курама командалары, спорттук мектептер, спорттук клубдар жана дене тарбия жамааттары катыша алат.


Мелдеш белгиленген салмак категориясы жана эрежелер боюнча өткөрүлөт.


Аталган чемпионат калаадагы оор атлетиканы жайылтуу, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, жаштарды патриоттук тарбиялоо жана оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын курама командасын чогултуу максатында өткөрүлмөкчү.