2015-жылдын 12-февралынан 16-мартына чейин 16 825 300 сомго  20913 протокол түзүлүп, 1078 унаа айыптык унаа токтотуучу жайга токтотулду. Анын ичинде: 766 бус жана 69 такси.


Өткөрүлгөн иштин жыйынтыгында 13 эреже бузуучу каланын РИИБ жеткирилип, 11 кылмыш ишинин бети ачылды.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация Министрлигине караштуу мамлекеттик автомобиль жана суу транспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан кичиавтобустун айдоочуларынын мамилеси үчүн  34 протокол жана 32 акт түзүлүп, 38 миӊ 800 сом суммасына административдик айып салынды.


Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында аныкталган 238 эреже бузуучуга маршуттук таксилердин айдоочуларынын мамилелерине байланыштуу төмөнкү фирмаларга акт түзүлдү: «Акжолтой», «Ак-Жол», «Лига», «Куюн», «Мейкин», «Кара-Суу-Арго», «Кут-Консун», «Элек», «Академ-Транс-Сервис», «Ника-Плюс», «Байзак-Аска», «Дородой-Бис», «Бек-Тоо», «Спейсталс», «Галоп», «Восточный-Экспресс», «Юрам», «Батырхан-Мурагер», «Кулатай-Компани», «Стелс», «БАТП Лига», «Жазада-Транс», «Аргымак-Транс-КЖ», «Акниет-Транс», «Совет-Бригада», «БЭСТО», «Трансгрупп-Коммункейшн», «Ай-Эл-Транс».