Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басарынын колунан  24 баатыр эне орден, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды.


19 эне жети жана андан көп балдарды тарбиялагандыгы үчүн «Баатыр эне» ордени менен сыйланышса, 5 эне алты баланы татыктуу тарбиялагандыгы үчүн «Эне Даӊкы» медалы тапшырылды.


Биринчи май райондук администрациясы тарабынан 55 адам чакырылда. Алардын ичинен: 11 эне «Эне Даӊкы» медалы жана 44 эне «Баатыр Эне» медалы менен сыйланды.


Чакырылган конокторго майрамдык тасторкон уюштурулду.


Кезегинде Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев энелерди куттутап, Кыргызстандын өнүгүшүндө аялдардын орду зор экенин белгиледи. Ошондой эле, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ынтымак каалап өттү.

 

Октябрь  району

Биринчи май району