Жолугушуу №52-орто мектебинде өттү.


Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу, жарыктандыруу,  таштанды көйгөйлөрү,  жол белгилери, жол чырактары жана түнкүсүн авто жарыш көйгөйлөрү талкууланды.

Райондо күч алып жаткан сойкулук маселеси  тургундардын тынчын алып жаткандыгын айтышты. Бул суроо боюнча арыздар көп айтылды.

«Сойкулардын баары биздин короого жыйналышат. Кечтен баштап таң атканга чейин машинелер кетпейт. Корообуз ажаатканага айланды»,- деп жашоочулар нааразычылыгын билдиришти.

Көрсө, ИИББ кызматкерлери рейд өткөрүп, сойкулардан көчөлөрдү тазалап чыккандан кийин алар жакын арадагы короолорго чогулууну адат кылып алышкан экен.

«Силерге бир жума убакыт берилген. Ушул убакыт аралыгында көчөлөр сойкулардан тазаланыш керек болчу. Бирок көчөлөрдөн жөн гана  короолорго которулгудай эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой сойкуларга каршы чечкиндүү чаралар деле жок, бирок ошого карабастан көздү жумуп өтүп кеткен болбойт! Мен мындай арыздарды акыркы жолу уккандай болоюн! Жакын арада бул маселе чечилсин»,- деп калаа башчысы ИИББ кызматкерлерине кайрылды.

Ошондой эле, калаа башчысы  өз кезегинде район тургундарына да активдүү болуп, тескөөчүлөргө коомдук тартипти бузуулар жөнүндө айтып кызматташууга чакырды.

Негизинен Свердлов районунун тургундары аймактык тескөөчүлөрдүн ишине ыраазы экендиктерин билдиришти. Бир үйдүн тургундары ИИББ башчысына тескөөчүлөрдүн бирине мыкты эмгеги деп ыраазычылык баракчасын берди.  

Ал эми №18 Жергиликтүү аймактык башкаруунун санитардык абалы жөнүндө сөз болгондо, райондо 39 582 адам катталып, бирок «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасында болгону 32 750 адам саналганы билинди. Мындай фактылар калаа мэрди  капаландырбай койгон жок, ошондуктан №18 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын башчысына ушул жылдын апрель айынын аягына чейин абоненттик базаны керектүү 39 582 адамга толуктоо тапшырмасын берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Кубанычбек Кулматов алдыдагы пландары менен бөлүшүп, шаар тургундары, аймактык тескөөчүлөр жана ЖАБ биргелешип иш жүргүзсө сөзсүз оң көрүнүштөргө, чоң жылыштарга жетишээрин белгилеп өттү.

Аталган жолугушууга  Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Жунушалиев Кашкар, Свердлов райадминистрациясынын башчысы Чылабаева Айнагүл, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылыры, мэриянын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.