Кызматташуунун максаты – социалдык жарнаманы чогуу иштеп чыгуу жана жайгаштыруу, шаар тургундарынын көңүлүн коомдогу маанилүү жана көйгөйлүү көрүнүштөргө, шаарына болгон сүйүүсүнө жана маданиятына, шаардыктардын жүрүм-турумун жакшы жакка өзгөртүү.  


Катышуучулардын коомдук маанилүү теманы тандоосуна чек коюлбайт, бирок төмөнкү багыттагы темаларга таянса болот:


*Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
*Шаар тургундарынын жүрүм-турум маанияты;
*Үй-бүлө жана балдар маселеси;
*Менин борборум жана башка.


Иштердин демилге тобу, студиясы же автору  жана байланыш телефондору менен көрсөтүлгөн сунуштарды 2015-жылдын 25-апрелине чейин  a.amankulova@cda.kg  электрондук дарегине жөнөтүү керек.


Сурап-билүү телефону 0312 325325, дареги: Бишкек ш.,Жибек Жолу пр.,495а (Логвиненко көч.кесилишинде).