Олимпиада 10 сабак боюнча И.Раззаков атындагы КТУ жана калаанын №62 мектеп гимназиясында өткөрүлдү.

Шаардык олимпиадага калаанын жалпы билим берүү мектептеринен 429 окуучу катышып, 101 окуучу жеңишке ээ болду. Анын ичинен 1-орунду – 34, 2-орунду – 32  жана 3-орунду – 35 окуучу багындырды.

Жеңүүчүлөрдү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыны башчысы Сауле Мейрманова куттуктап, балдардын окууларына ийгиликтерди каалады.

“Урматтуу менин жаш досторум, ата-энелер, мугалимдер! Бул жерде биздин келечегибиз болгон жаш балдар отурат. Кайда болбосун татыктуу билим алып, өлкөбүзгө салым кошот деген ишеничтемин. Алдыңкы орундарды алган окуучуларды республикалык олимпиадада жеңиштерге ээ болушуна тилектешмин”,-деди Билим берүү башкармалыгын башчысы.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Атаева Сайрагүл, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марипа Абдиева, райондордун Билим берүү башкармалыктарынын башчылары, Кыргыз Улуттук университетинин ректору Эсенкулов Курмамат, калаанын мектептеринин директорлору, ата-энелер жана жеңишке ээ болгон окуучулар катышты.

Жеңүүчүлөр диплом жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, 1-орунду алган окуучулар Республикалык Олимпиадага катышат.

Белгиленгендей, окуучулар олимпиадасын өткөрүүгө Бишкек шаарынын мэриясынан 280 миң сом каражат бөлүнүп берилди. Бул каражат жеңүүчүлөргө белектерди алууга, грамоталарды даярдоого жана олимпиаданы уюштурууга коротулган.