Аталган концепцияны Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дуйшембиев тааныштырды.


Анын айтуусу боюнча,  көрсөтүлгөн  концепцияны ишке ашыруу шаардын башкы көчөлөрүнүн жүктөлүп  кетишин чечип, көчөлөрдүн  жана унаа түйүндөрүнүн жүктөрүн жеӊилдетет.  


«Даярдалган сунунштарга жана долбоорлорго ылайык 72 чакырымга созулган жолдордун курулушу, 41 чакырым жолду кайра ондоо жана 46,3 чакырым жолду калыбына келтируу каралган»,- деди вице-мэр  Бакытбек Дүйшембиев.


Профсоюзная көчөсүнүн жолун  куруу жана Ж.Жолу-Фучик көчөлөрүнүн кесилишине жол бурулуштарын  куруу, ошондой эле Л.Толстой көчөсү  Ш.Баатыр көчөсүнөн баштап Ауэзов көчөсүнө чейин куруу каралган. Л.Толстой көчөсү Садыгалиев көчөсү Б.Алыкулов көчөсүнө чейин, Линейная көчөсү Исанов көчөсүнөн  Курманжан Датка көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү  Москва көчөсүнөн темир жол аркылуу узартуу пландаштырылган.

Мындан тышкары, райондук маанидеги жолдорду, конуштардын жолдору менен бирге кайра куруу жана калыбына келтируу сунушталды.


Белгилей кетсек, концепцияны ишке ашыруу иштери башталган. Жакын арада үч көчөнүн - Жукеев-Пудовкин көчөсү түштүк магистралынан Ахунбаева көчөсүнө чейин, Ауэзов көчөсү Горький көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейин жана Махатма Ганди Ж.Жолунан шаардын четине чейин кайра курулушу күтүлүүдө.