Акцияда Бишкек шаарынын жашоочуларына шаардын Жибек- Жолу проспектиси, Байтик баатыр, Шопоков, Москва, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн,  Манас проспектиси, К.Акиев көчөсү, И.Ганди проспектиси, Л.Толстой көчөсү, Пишпек ст, А.Осмонов көчөсү, «Земледелия» инс-ту, «Ак-Өргө» жаңы конушунун көчөлөрүнүн аталыштары кандай жана качан өзгөртүлүп аталганы жана атактуу жерлери жөнүндө шаардык китепкана кызматкерлери толук маалымат беришти.


Аталган акцияга катышуу менен шаардын аталган көчөлөрү жөнүндө кенен маалымат ала алышты. Кызыккандар Wi-Fi кызматынан пайдаланышып, китеп көргөзмөгө баяндама, жаңы китептердин бет ачаары, адабий аудио китептер окулуп ж.б уюштурулду. Шаардын китепканалары жөнүндөгү маалыматтар таркатылды.