Фестивалды  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдык жеңишинин урматына өткөрүүдө.


Аталган фестивалга калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 12 чыгармачылык жамаат катышат.


Калыстар тобунун курамын  театр актерлору, Билим берүү башкармалыгы жана коомчулук түзөт.  Калыстар тобунун башында Кыргыз Республикасынын эл артисти Лариса Любомудрова жетектейт.
Фестивалдын байге фонду 100 миң сомду түзөт.


Спектакль Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драм театрынын  кичи залында саат 10.00дон 18.00го чейин өткөрүлөт.
Кирүү акысыз.