Акцияга атайы чакырылган Санкт- Петербург шаарынын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери -  Петр Александров, Григорий Куприященко, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри  Кубанычбек Кулматов, Санкт-Петербург шаарынын Ардагерлер Кеӊешинин комитетинин төрагасы Вячеслав Лялин, Кыргыз Республикасынын согуш ардагерлери, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдар уюмунун президиумунун төрагасы Тарас Токомбаев, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, шаардын жаштары жана мектеп окуучулары катышты.


Өз сөзүндө калаа башчысы Улуу Жеӊиш бизге зор эмгек жана аябагандай кан төгүү менен келгендигин эске салып, жаштарды аталардын унутулгус  эрдигин урматтоого чакырды.


«Урматтуу Ардагерлер, ачык асман үчүн Сиздерге таазим! Баардык ардагерлерибизге ден соолук жана бакубатчылык каалайм»- деди Кубанычбек Кулматов.


Иш чаранын алкагында Жеӊиш аянтында Өчпөс оттун бөлүкчөсүн өткөрүп берүү аземи жана Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналып 20 карагай отургузулган «Көк толкун» акциясы өткөрүлдү.  

«Эстелик эстафетасы» акциясы бардык КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлөт. Аталган акция 11-мартта  Беларусь мамлекетинин борбору Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинев (Молдова), Ереванда (Армения) болуп өтүп, бүгүн Кыргызстан эстафетаны Санкт- Петербург шаарына өткөрүп берди.

КМШнын бардык  өлкөлүрүнөн Санкт-Петербург шаарына Өчпөс оттун бөлүкчөлөрү жеткирилет. 16-апрель күнү Санкт-Петербургдун Таврикалык сарайындагы КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын(МПА) штаб-кеӊсесинде аталган Парламент аралык ассамблеянын өкүлдөрү алып келинген от бөлүкчөлөрүн кошуп Шериктештиктин символу катары жандырышат. Бул КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын шаманасы «Ленинграддын батыр коргоочулар Монументине» өткөрүлүп берилет.