Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылдын октябрь айында  Бишкек жана Ляньюньгань шаарларынын ортосундагы кол коюлган келишимдин айланасында кызматташуу суроолору талкууланды. 

 
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу чоӊ мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин баса белгиледи. «Бишкек шаары билим берүү мекемелердин саны боюнча мурунку советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунду ээлейт. Менин оюмча, билим берүү чөйрөсү боюнча шаарларыбыздын ортосундагы биргелешкен долбоорлор ар түрдүү багыттагы болочок демилгелердин негизин түзө алат»,-деди шаар башчысы.


Өз кезегинде Ляньюньгань шаарынын шаардык парткомунун катчысы Ян Синши Ляньюньгань шаары жөнүндө маалымат берип «21-кылымдын Жибек жолу» концепциясын ишке ашырууда Кыргызстандын ролу маанилүү экендигин айтып өттү.


Кытай Эл Республикасынын делегациясынын иш сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын Ляньюньнган шаарынын ортосунда билим берүү тармагында достук кызматташуу» меморандумуна кол коюлду.


Аталган меморандумга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова  жана Кытай Эл Республикасынын Ляньюньнган шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ван Цзяцюань кол коюшту.


Меморандум эки шаардын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыӊдоого мүмкүндүк берет.