Бул тармактагы кызматкерлерди куттуктоо  үчүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, вице-мэр Марс Саккараев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин башкы секретары Канат Аманкулов катышты.


Кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев бардык спортчуларды куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

“Сиздерди Кыргыз спортунун 90 жылдыгы жана Дене тарбия жана спорт күнү менен чын дилимден куттуктайм! Спорт биздин жашообуздагы эң маанилүү. Биздин спортчуларга, машыктыруучуларга, мугалимдерде ыраазычылык билдирем”,-деди Марс Саккараев.

Ошондой эле, спортчуларды эстрада жылдыздары  да куттуктады.