Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Алымкулов, Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары, «Бишкекбашкыархитектуранын» башчысы Бакытбек Абдиев, эксперттер жана журналисттер катышты.

Аталган концепцияны Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшембиев тааныштырды. Вице-мэрдин айтуусу боюнча, көрсөтүлгөн  концепцияны ишке ашыруу шаардын башкы көчөлөрүнүн жүктөлүп  кетишин чечип, көчөлөрдүн  жана унаа түйүндөрүнүн жүктөрүн жеӊилдетет. Мисалы, Профсоюзная көчөсүнүн жолун  куруу жана Ж.Жолу-Фучик көчөлөрүнүн кесилишине жол бурулуштарын  куруу, ошондой эле, Л.Толстой көчөсү  Ш.Баатыр көчөсүнөн баштап Ауэзов көчөсүнө чейин куруу каралган.


Мындан тышкары, райондук маанидеги жолдорду, конуштардын жолдору менен бирге кайра куруу жана калыбына келтируу сунушталды.


Жолугушуунун  аягында депуттатар сунуштарын билдирип, ой-пикирлерин айтышты.