Расмий иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын  экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.


Иш-чара 2010-жылдын Апрель окуяларында жана 2002-жылдын Аксы окуяларында  элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл коюу менен башталып, курман болгондорго багышталып куран окутулду.


“Ошол каргашалуу күнү «Ала-Тоо» аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок! 7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!  Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көк-жал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз элибиз менен!”,-деди Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев.


Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин курман болгондорду эскерүү үчүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жөнөштү.