Салтанаттуу иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын  башчысы Болот Алымкулов ачып, аземге келген белгилүү хирургдун туугандарын куттуктады.  


Шаардык кеӊештин төрагасы Марат Аманкулов аты жок көчөгө Мирсаид Миррахимовдун атын берүүнү Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары 2014-жылдын октябрь айында кабыл алышкандыгын белгиледи.


Аземге катышкандар академиктин кыргыз медицинасына кошкон салымына ыраазычылыгын жана тереӊ урматтоолорун билдиришти.


«Агайыбыздын аты Кыргызстандын тарыхында жана медицина илиминде алтын тамга менен басылып калды. Мирсаид Миррахимов Кыргызстандын кардиология жана терапия кызматтарын уюштуруунун башатында турган. Мирсаид Мирхамидович бүт дүйнөгө таанылган тоо кардиологиясынын негиздөөчүсү болгон. Бүгүнкү күндө да биздин борбор академик негиздеп кеткен асыл ишти улантып, андан ары өнүктүрүп келе жатабыз»,- деди М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапиянын Улуттук борборунун директору Айнагүл Жумагулова.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов көчөгө М.Миррахимовдун аты берилүүсү көчөнүн аты жазылган тактачаларды даярдап тагуу менен гана чектелбестен, көчөнү жарыктандыруу, жашылдандыруу жана жакшыртуу  боюнча иш-чаралары көрүлөрүн белгиледи. Быйыл Октябрь районунда жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт, аталган көчө оңдоо өткөрүлүүчү объектилердин башкы тизмесине киргизилген. Жаз мезгилинде район боюнча 5миӊ көчөт отургузулат, анын ичинде аталган көчөгө да бир канчасы тигилет.  


М.Миррахимов атындагы көчөнүн ачылыш аземинин аягында коноктор жана шаар тургундары «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы дайындаган  30дай алма көчөттөрүн отургузушту.


Аталган иш-чарага Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Марат Алымкулов, шаардык кеӊештин депутаттары, академиктин коллегалары, достору, шакирттери жана туугандары катышты.