Тазалоо иштерине 6 бирдик атайы техника, ошондой эле, сугаруу үчүн атайы техникалар тартылды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте ишембиликке катышты. Аталган ишембилик Ата-Түрк паркынын аймагында өткөрүлдү.


“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан арыктар тазаланып, розаларды кесүү, камыштарды үзүү,  клумба гүлдөрүн отургузуу, актоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.


Ошону  менен бирге  Атай көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейинки жогорку Чоң Чүй каналы тазаланды.


Бишкек шаарынын мэриясы мындай иш-чараларды шаар тургундары колдойт деген үмүттө. Ошондой эле, жакынкы аралыкта калаа таза,  жазгы көрүнүшкө ээ болот.