Жыйындын максаты социалдык маанидеги ооруларды алдын алууга жана  жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү күчөтүү болуп саналат.


Жыйындын иш тартиби боюнча маалыматты СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун директору Искендер Шаяхметов, Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун бөлүм жетекчиси Элмира Жакыпова, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Бурул Асыкбаева, саламаттыкты сактоо боюнча координатор Дамира Чарабаева беришти.


Аталган жыйынга Свердлов райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Василий Красильников, жергиликтүү аймактык башкаруунун башчылары, айрым конуштардын кварталдык комитеттери,  саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын директорлорунун орун басарлары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, Республикалык ИИБ өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана коомдук бирикмелер катышты.