Жыйында Чыгыш-5 кичи районунун №19 көп кабаттуу турак үйдө квартиралар суткалык мейманкана катары мыйзамсыз берилгендигин токтотуу талкууланды.

Калаанын айрым көп кабаттуу турак үйлөрү  батирге берүүдөн тышкары суткалык мейманкана, соода дүкөндөрү жана башка максатта колдонулуп келе жатат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 3-пунктунун 1-беренеси боюнча көп кабаттуу турак үйлөрдө мейманкана иштетүүгө тыйуу салынат. Буга карабастан аталган үйдө суткалык мейманкана иштелип келет.


Жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө аталган үйдүн тургундарын контролго алуу, чараларды колдонуу протоколдук тапшырмасы берилди.

Аталган жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана аталган турак үйдүн жашоочулары катышты.