«Зээндуу балдар» долбоорун ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Илимий-педагогикалык коомчулугу менен биргеликте конкурсту уюштурду.


Конкурска 30 жалпы билим берүү уюмдары катышып, калаанын: №4мектеп гимназия, № 6 окуу-тарбиялык комплекси, № 9 ОТК,  № 12 МГ,  № 20 МГ,  № 23 ОТК, № 24 МГ, № 26 МГ, № 27 орто мектеби, № 29 МГ,  №31 МГ, № 33 МГ,   № 39 МГ, № 47 орто мектеби,    № 49 орто мектеби,  №51 орто мектеби, № 61 АФМШЛ,  №62 МГ , № 64 МГ, №65 ЭЭЛ,  №66 МГ, № 67 ОТК,  № 68 ОТК, № 69 ОТК,  № 70 гимназия комплекси, № 74 мектеп лицейи,   № 77 орто мектеби, № 78 МГ,  № 81 орто мектеби катышты.

Калыстар тобун  Ж. Баласагын атындагы КУУнун, БААУнун, Кыргыз Эл аралык Университетинин, И. Раззаков атындагы КТУнун,  Арабаев атындагы КУПУнун жетектөөчү өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Илимий Академиясынын илимий кызматкерлери толуктады.

Конкурска төмөнкү номинацияда жүздөн ашык долбоорлор тапшырылды:
1. 4 багыт боюнча жаңы  теоретикалык моделдерди иштеп чыгуу:  
•        Физика жана математика;
•        химия жана медицина;
•        биология жана медицина;  
•        экология жана экономика;
2. Астрономия жана космостук билим берүү;
3. Шаймандар, радио жабдуулар жана телекоммуникациондук тармактар;
4. Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар;
5. Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар.       
6. Интеграция Гуманитардык илимдер.

Тандап алуучу турунан кийин эксперттик комиссия тарабынан 84 долбоор кабыл алынды:
I орун - 13 мектеп (32 окуучу);
II орун – 11 мектеп (24 окуучу);
III орун – 13 мектеп (27 окуучу).


Конкурстун жеңүүчүлөрү жана жетекчилери I,II,III-даражадагы дипломдор жана белектер менен сыйланды.