Үстүбүздөгү жылдын март айында 144 эскертүүнүн 52 протокол аткарылбагандыгы үчүн сотко жиберилди. 29 мыйзамсыз объектилер түрттүрүлдү. 115 жеке турак-үй колдонууга киргизилди. Курулуш-монтаж иштерине 11 уруксат берилди. Ошондой эле, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын имаратында шаар тургундарын кабыл алуу жүргүзүлүп, март айында 60 тургун кабыл алынды.