Жыйындын жүрүшүндө бир нече маанилүү маселелер каралды. Эң маанилүү маселелерден - калаада жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү болду. Бишкек шаарынны мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жолдорду капиталдак оңдоо иштеринин башталышы боюнча маалымат берди.


“Азыркы этапта куруу иштерин аткаруу бөдрөтчү тандоо  үчүн тендер өткөрүлүүдө”,-деп маалымдады Канчоро Ажекбаров.

Кезегинде калаа башчысы Кубанычбек Кулматов өткөн жылдагы объектилерди муниципалитеттин балансына алууда жеке өзү катышарын белгиледи.


“Шаардык коммуналдык кызматтардын өткөргөн жер иштеринен кийин аймакты калыбына келтирүү курч көйгөйү турат. Бардыгыңыздарды жоопкерчиликке чакырам. Азыр сиздер шаарга башка бирөөнүн жериндей мамиле кылып жатасыздар. Сиздер аткарылган иштердин сапатына жооп берүүгө милдеттүүсүздөр”,-деди мэр.

Андан кийин катышуучулар кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу менен алектенген жеке компанияларга чара көрүү жөнүндө  “Тазалык” муниципалдык ишканасынан башчысы Рыспек Сарпашевдин докладын угушту.


“Шаардык таштанды полигонунун маалыматы боюнча бир айда чарбалык оъектилерин тейлеген компания полигонго 7 куб таштанды таштаган. Биздин оюбузча таштандынын негизгин бөлүгүн биздин контейнерлерге таштоодо”,-деди Рыспек Сарпашев.

Докладдын жыйынтыгында калаа башчысы Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгына жана “Тазалык” МИ жеке фирмаларга карата жобону иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Жыйындын соңунда социалдык тармак боюнча вице-мэр Айгүл Рыскулова “Жеңиш күнүндө” калаада өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалымдады.

“Бул жылы Ала-Тоо аянтында чоң парад өткөрүлөт. Окуучулардын театрлаштырылган көрсөтүүсү, “Бессмертный полк” акциясы жана ар бир райондо майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт”,-деди вице-мэр.