Конкурска Октябрь районунун мектеп, гимназия жана ЖОЖдорунун чыгармачыл жамааттары катышты.


Гала-Концерт Кыргыз Улуттук  консерваториянын ректору Мурат Бегалиевдин куттуктоо сөзү менен башталды. Өз сөзүндө ректор конкурстун катышуучуларын музыка жана чыгармачылык майрамдары менен куттуктап,  катышуучалардын баары  талантуу болгондуктан  балоо кыйын болгондугун белгиледи.


 “Мен ырахаттануу менен мындай иш -чараларга катышам жана Кыргызстан талантууларга бай өлкө экенине ишенем. Мындай талантуу жаштар турганда өлкөбүздүн келечегине ишенсе болот,” –деди Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары   Таалайбек Акматбаев.


Таалайбек Акматбаев  Октябрь райондук администрациясынын башчысынын атынан калыстар тобунун төрагасы,  Кыргыз Улуттук  консерваториянын ректору Мурат Бегалиевге чыгармачылыкка кошкон салымы үчүн ыразычылык билдирди.


 Фестивалга катышуу үчүн 20 чыгармачыл жамаат  билдирме беришкен жана бири да калбастан кабыл алынган. Катышуучулардын бардыгына Ардак грамоталар жана белектер тапшырылып,  бейгелүү орундарга ээ болгондор  диплом жана акчалай  сыйлыктарды алышты.


Калыстар тобунда жогоруда белгилеп кеткендерден тышкары Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы  Малик Ракишев  жана Октябрь районунун ардагерлер кеңешинин өкүлү Мэлис Бейшеев болду.

Экерте кетсек конкурс-фестивалдын тандоо  этабы  10 апрелде №62 окуу- тарбиялык комплексинин мектеп гимназиясында өткөрүлгөн.