Көргөзмө Ч.Айтматов атындагы Улуттук Орус драм театрынын имаратында 22-апрелден 11-майга чейин уланат.

Көргөзмөнүн башында аскер жана жеңиш тематикасы боюнча “Российская Газета” гезитинин мыкты фотожурналисттеринин 60 сүрөтү илинди. Көргөзмөгө кирүү акысыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандык Улуу-Ата Мекендик согушта курман болгон ар бир баатырды эскерүү, согуш ардагерлерин куттуктоо менен бул көргөзмөгө келип катыша алат.

Аталган сүрөткөргөзмө 11-майга чейин уланып, көргөзмөнүн аягында “Российская Газета”  салтка айланып калгандай борбордогу жалпы билим берүү мектептеринин бирине өз сүрөттөрүн белекке бермекчи.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова, Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Токонбаев катышты.

Эскерте кетсек , иш -чара Россиянын өкмөттүк басмасы тарабынан төрт жыл сайын өткөрүлүп келген. Сүрөткөргөзмө буга чейин  Бишкекте жана Ошто эки ирет өткөрүлгөн. 2015- маараке жылында 27-апрелден 11-майга чейин тоолуу Нарын аймагында да көргөзүлөт.