Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Мен - Жеңиштин мураскери” аталышта концерт болуп өттү.


Салтанаттуу иш-чарага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев, ата-энелер коому жана эмгек сиңирген маданияттын ишмерлери катышты.


Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов конокторду келе жаткан майрамы менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясына жана Билим берүү башкармалыгына өсүп келе жаткан муундун билимине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


“Жеңиш үчүн курман болгон мекендештерибизди, өз тарыхыбызды билишибиз керек. Алардын аркасында биз көз карандысыз мамлекетте жашап жатабыз!”,-деп Марат Аманкулов окуучуларга кайрылды.
Аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев бардык катышуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, ардагерлерге жеңиш үчүн ыраазычылык билдирди.


“Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун атынан сиздерди Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Улуу жеңиш үчүн канчалаган адамдар курман болду. Сиздердин эрдигиңиздер бейпил жашоого жол ачты. Биз, жаш муундар каардуу согушту эстен чыгарбайбыз. Урматтуу ардагерлер, сиздерге чоң рахмат!”,- деди аппарат жетекчиси.

Улуттук филарониянын сахнасында ардагерлер үчүн райондук, шаардык, эл аралык көркөм ыр окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү, вокалдык номерлер жана бий жамааттары өз өнөрлөрүн тартуулады.


Иш-чарага калаанын мектептеринен  600дөй бала катышты. Балдар концертке үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап даярданышкан. Иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.