Жарманкеге 25тен ашык ишканалар жана калаадагы  14 кесиптик лицей  катышты.


Шаардын ишканаларында жана уюмдарында  ылайыктуу жумуш издеп, ишке орношуу максатында  3 миңден ашык бош  жумуш орундары сунушталган.


Аталган жарманкеде жумуш берүүчүлөргө кадр тандоо, ал эми жумушсуз жарандар үчүн ылайыктуу жумуш табуу  мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жогорку окуу жайында окуган студенттер өндүрүштүк практика өтүү үчүн ишкана тандашса, мектеп бүтүрүүчүлөрү кесиптик лицейлердеги адистиктер боюнча маалымат алышты.


Кесиптик багыттоо иш-чарасынын алкагында кесиптик лицейдин окуучулары жумушчу кесиптерди жайылтуу максатында мастер-класстарды өткөрүшүп, концерттик программасын тартуулашты.  
Жумуш издеген жарандардан 60 адам аңгемелешүүгө чакырылды, жумуш берүүчүлөр 45тен ашык резюме кабыл алышты.


Мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай  кесиптердин өзгөчөлүктөрү, кесиптик лицей жана адистиктер боюнча, лицейге тапшыруу шарттары, практикадан өтүү жана ишке орношуу  тууралуу биле алышты.


Жарманкеде  кайсы бир катышуучу  келечек кесибин тандоодо бир чечимге келсе, башкасы  кабыл алган чечими туура экендигине ынанды. Ал эми мектеп бүтүрүчүүлөрү өз максаттарын бир аз убакыттан кийин эле ишке ашыра башташат.