№8 ҮМБда 1926-жылы туулган согуштун ардагер Топобай Чотбаев медициналык кароодон өткөрүлдү. Ал 1943-1946-жж II Украиналык фронтто согушкан. №13 ҮМБда 1921-жылы туулган Алексей Варварин кароодон өттү.


Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Москвага баруу үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.


Медициналык кароодо ардагерлердин саламаттыгы канааттандырарлык экени билинди.


Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Лениннград блокадасынын катышуучуларына мамлекеттик программанын алкагында медициналык жардамдар көрсөтүлүп келет. Жыл сайын аталган адамдаргы тереңдетилген медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Баса албаган ардагерлерди үйлөрүнөн текшерилет. Ал үчүн адистер кызмат кылат.