Иш-чарага 68 адам чакырылган. Алардын 59 ЧАЭСкырсыгынын жоюлушунун катышуучулары.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев кырсыктын катышуучуларына 2 миң сомдон, курман болгондордун үйбүлөлөрүнө 3 миң сомдон, майып болгондорго 2 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү. Аталган иш-чарага райондук бюджеттен 170 миң сом бөлүндү.

Ошондой эле, район башчысы “Чернобль АЭС кырсыгынын кесепеттерин жоюуда көрсөткөн эрдиги үчүн”  Асанов Д., Третьяков В.Ю., Жумабаев Ж.Ж., Алакунов Ж.М. “Россия Чернобль Союзунун” ардак грамотасын тапшырды.

Чернобль АЭС кырсыгынын кесепеттерин жоюуда катышкандар жана алардын үйбүлөлөрүнө Биринчи май райондук администрациясы ар дайым көңүл буруп, медициналык кызматтарды жана социалдык көйгөйлөрдү чечип келет.