Митинге вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова,  Белоруссиянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу иштерге ишеним берилген өкүлү Гасюк Андрей, Украинанын Кыргызстандагы убактылуу иштерге ишеним берилген өкүлү Яремчук Николай, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чалабаева, “Союз Чернобль” Республикалык АКнун төрагасы Кадырбек Сасыкулов, ЧАЭС кырсыгынын катышуучулары, шаардык мектептердин окуучулары жана шаар тургундары катышты.


Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов ЧАЭС кырсыгынын катышуучуларына эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Урматтуу кырсыктын катышуучулары, ардагерлер, биз жыл сайын бул жерде чогулабыз. Коркунучтуу кырсыктын жоюлганына 29 жыл өткөнүнө карабастан, бардык кыйынчылыктар жүрөгүбүздө калды. Сиздердин эрдигиңиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздерге ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Мындан ары мындай кырсыктар кайталанбасын!”-деди Айгүл Рыскулова.

Учурда Бишкек шаарында 317 Чернобль АЭС кырсыгынын жоюлушуна катышкандар жашайт.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган категориядагы адамдарга жыл сайын төмөнкү социалдык жардамдар жана жеңилдетүүлөр көрсөтүлүп келет:
-телефондун обаненттик төлөмү боюнча 100% жеңилдетүүлөр;
-квартал сайын 500 сом өлчөмүндөгү стипендия;
-квартал сайын ЧАЭС жоюлушунан курман болгодордун аялдарына 1500 сом өлчөмүндөгү стипендия;
-98 балага акысыз жаңы жылдык белектер;
-ЧАЭС кырсыгынын күнүнө карата бир жолку материалдык жардам.