Келишимге Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана «ЕНЦЗИЕН»ЖЧКсынын директору Чжан Шу Шин кол койду.


Жаңы мектептин курулушуна “Жогорку Жал” кичирайонунан жер бөлүп берүүнү чечишти. Долбоорду ишке ашыруу Кытай Эл Республикасы тарабынан өткөрүлөт.


“Бүгүнкү күндө жер тилкесин курулуш иштерине даярдоо иштери жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында объекти курулуш иштерине өткөрүп беребиз”,-деди Кубанычбек Кулматов.
Кезегинде Сунь Хэ мырза бардык ыкчам даярдоо иштери үчүн шаардык муниципалитетке ыраазычылык билдирди.


Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы соода-экономикалык маселелер боюнча элчиси Сунь Хэ, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жана «ЕНЦЗИЕН»ЖЧКсынын директору Чжан Шу Шин катышты.