Вело жарыштын катышуучулары 12-кичирайондон баштап Аалы Токомбаев көчөсү боюнча жүрүштү баштады.


Веложарыш Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы ырлар менен коштолду. Катышуучулардын коопсуздугу үчүн айрым көчөлөр жабылып, МАИ кызматкерлери коштоп жүрдү. Колонна үчүн тез жардам кызматы бекитилген.


Велосипедчилер жана ардагерлер токтогон калаанын эски аянтында эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине эстеликке белектер тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.

“Бүгүнкү акцияны биз эркиндик, тынчтык алып келген ардагерлерге арнадык. Урматтуу ардагерлер! Кийинки веложарышка ушу курам толугу менен катышат деген үмүттөмүн. Биз шаардыктарды жана шаар конокторун сергек жашоого жигердүү катышууга чакырабыз”,-деди калаа башчысы.

Вело жарыштын эң улуу катышуучусу Улуу Ата Мекендик согуштун жана спорттун ардагери Петр Чесноков 92 жашта. Анын айтуусу боюнча, узак жашоонун сыры күндө машыгып жаткан  спорт экенин белгиледи.