Ала-Арча капчыгайында Кыргызстандын альпинисттерине мемориалдык тактаны салтанаттуу өткөрүп берүү аземи болуп  өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров, Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Мусуркул Кабылбеков, Альпинизм федерациясынын президенти Леван Алибегашвили жана Кыргызстан, Россия, Казахстан, Өзбекстан жана Украинадан жүздөн ашык альпинисттер катышты.

«Урматтуу коноктор! Урматтуу альпинисттер! Бүгүнкү тоого чыгуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгына арналды. Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өз атыман сиздерди чын жүрөктөн ушул улуу дата менен куттуктайм. Бүгүн бул жерге ачык асман үчүн күрөшкөн жоокерлердин неберелери жана чөбөрөлөрү чогулуп отурат. Каардуу согушта канын төккөн аталарыӊардын жана бардык батырлардын элесине арнап силер чокуга чыгып бул тактаны орнотосуӊар. Сиздерге ийгилик каалайм!»-деди Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Мусуркул Кабылбеков.

Ак илбирс Дмитрий Греков: «Биз желектин намысына татыктуу болобуз! Такта сөзсүз орнотулат!» деп көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын билдирди.
«Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгы» аттуу жазуусу бар эстелик тактасы 4527 метр бийиктиктеги Учитель чокусуна орнотулмакчы.