Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, жарнама жана терминология бөлүмүнүн башчысы Молдоканов Аалы Молдоканович катышты.

Семинардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ниязбекова Эльвира Керимовна жогорку окуу жайдын жетекчилерине тыгыз кызматташтык байланыштар үчүн ыраазычылык билдирип, документ таануу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү багыттары жана котормочу-лингвист адистиктери боюнча аталган окуу жайдын студенттеринин өндүрүштүк практикасын Бишкек шаарынын мэриясынын мекеме-уюмдарында өткөрүүнү сунуштады.

Семинардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.