Сынакка муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, үй ээлеринин шериктештиги, “Тазалык” МИнин кызматкерлери катышат.


Иш-чара шаардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул убакыт ичинде Бишкек шаарынын санитардык абалын жакшыртууга бардык муниципалдык аймактык башкармалыктар, шаар тургундары катышат.


Сынактын жеңүүчүлөрү өзгөчө сыйлыктарга ээ болушат.


Аталган сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 1-июлунда белгилүү болот.