Аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Токтосун Султанов, №6-жергиликтүү аймактык башкармалыктын  башчысы, АРИС өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Тасманы кесүү ырымынан кийин спорттук аянтча болгонуна байланыштуу шарттуу түрдө топту тебүү укугу Октябрь райадминистрациясынын башчысынын орун басары Токтосун Султановго берилди.


Ачылышка келген жашоочулар шаардык мэрияга, АРИС программасына, райондук администрацияга жана ЖАБ башчысына ыраазычылыктарын билдиришти.


Өз кезегинде Токтосун Султанов жакын арада Октябрь районунда дагы бир нече спорттук аянтчалар курулуп бүтөт деп билдирди.


Спорттук аянтчанын курулушуна 1миллион 460 миӊ сом сарпталган. Алардын ичинен 95% гранттык каражат, ал эми 5% жашоочулардын акча каражаты.