Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков жумушчу топ менен тышкы жарыктандырууну орнотуу боюнча  “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Узундугу 1,9 км созулган Саадаев көчөсүнөн баштап Чоң Чүй каналына чейин 55 жаңы түстүү шамчырак, узундугу 5,2 км сым орнотулду. Жалпысынан өткөрүлгөн иштерге светодиоддук шамчырактарды кошкондо 690 миң сом керектелди.


Калыптандыруу иштери Улуу Ата- Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлдү.