Журналисттердин суроолоруна “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер жана “Фермер” Ассоциациясынын төрагасы Алексей Ведене жооп берди.


Шаарды жашылдандыруу боюнча жыл башынан бери өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы айтылып, журналисттер тарабынан жаңы мезгилге даярдыктар тууралуу суроолор берилди.


“Бишкектин көчөлөрүнө жыл башынан бери 874 ийне жалбырактуу, 3561 жалбырактуу, 187 бадал жана 8754 жандуу тосмо көчөттөрү отургузулду”,-деди Сергей Кравер.


Анын айтымында, отургузулган көчөттөрдү сугаруу аба-ырайына жараша болот. Болжол менен 2015-жылдын 1-июнунан тарта сугаруу иштери башталат.


“Фермер” Ассоциациясынын кызматкерлери “Жашылдандыруу” МИсы колдонгон “Надежда” жер семирткичи тууралуу маалымат берип өттү.


Пресс-конференциянын аягында журналисттер үчүн шаардын жашыл көчөттөрү боюнча пресс-тур өткөрүлдү.