Бул күндөрү саат 9.00дон 17.00го чейин калаанын ҮМБда акушер-гинекологдор тарабынан  аялдарды медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди  (баспагандар) үйлөрнөн текшерүү өткөрүлөт.


Мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынан тышкары, аталган акцияга жеке медициналык мекемелердин адистери дагы катышат.


Бишкек шаардык ден соолукту бекемдөө борбору жыныстык жол менен жугуштуу, онкологиялык ооруларды алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле, эненин жана баланын коопсуздугу, үйбүлөнү пландоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү уюштурат. Сергек жашоо боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдар таратылат.