Иш-чарага райондун 143 “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйланган энелер катышты.


Ленин райондук администрациясынын башчысы Мирлан Аскар уулу Энелерди майрамы менен куттуктап, 1000 сомдон бир жолку материалдык жардам  көрсөттү.


Маалымат: 01.05.2015-жылы Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо «Баатыр эне» ордени менен сыйланган- 100 эне жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган 43 энелер турат.
Жергиликтүү бюджеттен:


* «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалын тапшыруу салтанатына – 38 адамга 19,0 миӊ. сом бөлүнгөн;


* 8 март Эл аралык аялдар майрамына-380 адамга 259,8 миӊ.сом материалдык жардам көрсөтүлгөн;


* квартал сайын берилүүчү социалдык стипендия 1421 аял 710,5 миӊ сом, анын ичинен -68 баатыр эне 34,0 миӊ сом алат;


* материалдык жардам - 48 адам 117,0 миӊ сом берилген;


* энелер күнүнө 143 адамга 143,0 миӊ сом материалдык жардам көрсөтүлдү.