Иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Кыргыз Республикасынын ИИМ Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ошондой эле, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери катышты.


“Биздин милициялар чыныгы Мекенди коргоочулар. Эр жигит эл четинде жоо бетинде деген кыргызда жакшы сөз бар.  Алардын ар бир кадамын ажаал коштоп жүрөт. Өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.  Алар коомду коргоодо курман болуп,  бир туугандарын, жубайларын жана жаш балдарын таштап кетүүдө. Бул үчүн алардын ата-энелерине, балдарына жана бир туугандарына таазим кылам.


Урматтуу курман болгон милиционерлердин ата-энелери, жубайлары, ага-инилери, карындаштары жана балдары! Эли-жери үчүн, тынчтык үчүн  жан берген кызматкерлерибиздин жаркын элеси ар дайым эсибизде. Алардын эрдиктерин эч убакта унутпайбыз”,-деди Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.


1972-2014-жылдардагы өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон 31 милиционердин аты түшүрүлгөн мемориалдык такта Бишкек шаарынын ИИББнын короосуна  милиция кызматкерлеринин каражатына орнотулду. Кызматкерлер тарабынан которулган бир күндүк айлык акысынын жалпы суммасы 537 миң 150 сомду түздү.

Курман болгон кызматкерлерди эскерип, аза күтүү мүнөтү болуп, кесиптештери асманга ок атышты.


Салтанаттын аягында Бишкек шаардык ИИБдин жеке курамы эстеликке гүл коюп, салтанаттуу марш менен анын алдынан өттү.