Жыйынга вице-мэр Бакыт Дүйшембиев, Октябрь районунун акими Болот Алымкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жана «China Road» бөдрөтчү-компаниянын өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы кытай компаниясынан жолду оңдоо иштерин тездетүүнү жана сентябрь айына чейин бүтүрүүнү талап кылды.


Шаар мэри Жукеев-Пудовкин көчөсүн оңдоо үчүн чоң каражат бөлүнгөндүгүн жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн 24 саат бою иштеп, белгиленген убакытта бүтүрүү керектигин  белгиледи.


«China Road» компаниясынын жетекчилери жолду кайрадан куруу иштери сентябрь айында жыйынтыкталарын айтышты.